Чүй облусунун ИИББда жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп өттү
2019-жылдын 21-январь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында 2018-жыл ичинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов, анын орун басарлары, башкармалыктардын, кызматтардын, шаардык-райондук ИИБлөрдүн башчылары, ардагерлер кеңешиңин төрагасы Ашыркул Асанов жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери катышты.
2018-жыл ичинде өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарып, жетишкен ийгиликтери менен «Мыкты кызматкер» жана “Мыкты спортчу” деген наамга татыган кызматкерлер “Ардак грамота”, атайын сыйлоо лентасы менен сыйланышты.
Жылдын мыкты кызматкерлеринин арасында, Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын ага лейтенанты Акунов Адилет Асылбекович жылдын мыкты ыкчам өкүлү деп табылган. Тилекке каршы, Адилет Акунов оорудан улам үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү каза болгон. Бул жыйында маркум Адилет Акуновго деп даярдалган сыйлыктар анын ата-энесине тапшырылды.
Байгелүү орундар төмөнкү ардагерлер кеңештерине тапшырылды.
1-орунга Сокулук районунун ИИБнин ардагерлер кеңеши татыктуу болсо, 2-орунга Ысык-Ата районунун ИИБнүн ардагерлер кеңеши ээ болушканал эми 3-орун үчүн Токмок шаарынын ИИБнүн ардагерлер кеңеши татыктуу болушуп, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
2018-жыл ичинде мыкты жетишкендиктери үчүн төмөндөгү ички иштер бөлүмдөрү “Мыкты РИИБи” наамына татыктуу болушту. 1-орунду Сокулук РИИБи ээлеп, 1-даражадагы диплом жана өтмө туу менен сыйланышса, 2-орунга Ысык-Ата РИИБи татыктуу болуп, 2-даражадагы диплом тапшырылды, ал эми 3-орун үчүн Чүй РИИБү көрсөтүлүп, 3-даражадагы дипломго ээ болушту.
Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblusunun-iibbda-zhyl-zhyjyntygyn-chygargan-keeshme-bolup-tt
Добавить комментарий ×