Чүй областында болгон өрттөн эркек киши каза тапты
Бөлүшүү:
Чүй областында турак үйдө өрт чыгып, эркек киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
10-октябрда саат 23:35терде ӨКМга Москва районундагы Петровка айылындагы Водоемная көчөсүндө үй өрттөнүп жатканы тууралуу кабар түшкөн.
Кырсык болгон жерде бир өрт өчүрүүчү унаа иштеп, саат 01:00дө өрт толугу менен өчүрүлдү.
40 чарчы метр болгон турак жай толугу менен өрттөндү. Тилсиз жоонун кесепетинен эркек киши каза тапты.
Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblastynda-bolgon-rttn-erkek-kishi-kaza-tapty
Добавить комментарий ×