Чүй областында болгон өрттөн эркек киши каза тапты

11 октября 2021 10:09 1375 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областында турак үйдө өрт чыгып, эркек киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

10-октябрда саат 23:35терде ӨКМга Москва районундагы Петровка айылындагы Водоемная көчөсүндө үй өрттөнүп жатканы тууралуу кабар түшкөн.

Кырсык болгон жерде бир өрт өчүрүүчү унаа иштеп, саат 01:00дө өрт толугу менен өчүрүлдү.

40 чарчы метр болгон турак жай толугу менен өрттөндү. Тилсиз жоонун кесепетинен эркек киши каза тапты.

Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblastynda-bolgon-rttn-erkek-kishi-kaza-tapty



Добавить комментарий