Чет жактан Кыргызстанга келе албай калган 3 миңдей киши үч күндүн ичинде алып келинет
Жарандык авиация агенттиги Россия, Дубай, Делиден учуп кете албай калган КР жарандарын кайтаруу боюнча иштерди жүргүздү. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
Республикалык штаб тарабынан Бишкек жана Ошко чартердик каттамдардын графигин уюштуруу боюнча чечим кабыл алынган, учууларды “Аэрофлот”, “Урал аба каттамдары”, “Fly Dubai” ж.б. ишке ашырат.
Бүгүн кечке чейин дээрлик 12 каттам учуп келет, 22-мартка – 8, 23-мартка 5 же 6 каттам келери күтүлүүдө.
“Аталган рейстер менен үч күндө чет өлкөлөрдөн 3000ге жакын КР жаранын алып чыгып кетебиз. Эгерде дагы калып калгандар болсо, биз кошумча каттамдарды уюштурабыз”, - деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.
Эске салсак, коронавирус чыккандыктан айрым мамлекеттер чек араларын жаап койгон. Бул учурда ал жакта жүргөн чет элдиктер мекенине кайта албай калган болчу. Алардын арасында Кыргызстандын дагы жарандары бар.
Добавить комментарий ×