Чет жактагы кыргызстандыктар качан алып келинет? Өкмөттүн жообу
Биринчи виуе-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйынында чет жактан келе албай жаткан бир нече мекендеш бар экенин айтты. Анын ичинде Түркияда 360, Дубайда 300 жаран кайтабыз деп күтүп жатышат.
“Биз тышта жүргөн бардык жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер катуу иштеп жатышат. Болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Ошондуктан азырынча келбей, эпидемиянын курч мезгили өтүп кеткенче карантинде туруп туруу керек. Аэропорттор иштегенче баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам”, - деп Кубатбек Боронов жарандарга кайрылды.
Эскерте кетсек, Түркия, Россия жана башка мамлекеттерде бир нече кыргызстандыктар Кыргызстанга келе албай жатышат. Себеби, коронавирустан улам көпчүлүк мамлекеттер аэропортторун убактылуу жаап, эл аралык каттамдарга тыюу салынган.
Ссылка: https://barometr.kg/chet-zhaktagy-kyrgyzstandyktar-kachan-alyp-kelinet-kmttn-zhoobu
Добавить комментарий ×