Чет жакта калган мекендештерди чартердик каттам менен алып келүүгө мүмкүнбү? Өкмөттүн жообу
Коронавирус пандемиясынан улам чет жактагы мекендештердин көбү Кыргызстанга келе албай калышкан. Себеби, бир топ өлкөлөр вирустун тарап кетүүсүн алдын алуу максатында аэропортторду жаап, эл аралык каттамдарга тыюу салган. Чет жактагы мекендештер кыргыз өкмөтүнө кайрылып, аларды чартердик каттам менен болсо да Кыргызстанга алып кетүүнү суранышкан. Мындай кайрылууну Россияда, Түркиядагы мекендеш жолдошкон. Ошондой эле, Индия, Дубай сыяктуу жерлерден дагы келе албай калган кыргызстандыктар бар.
Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев чет жакта калып кеткен мекендештердин көйгөйү боюнча суроого жооп берди.
“Буга чейин коронавирустун жайылуу коркунучун эске алып, ТИМ чет өлкөлөргө чыгуудан кармануу сунуштары менен чыккан. Тилекке каршы, ага карабастан бир топ мекендештерибиз сыртка чыгып кеткен. Албетте, мекендештерибиздин арасында чет өлкөдө иштеп, окуп, дарыланып жаткандар бар. Буга байланыштуу, белгилей кетсем, учурда көптөгөн өлкөлөрдө компетенттүү органдардын убактылуу чектөөлөрү иштеп жатат, мындан улам туруктуу жана чартердик авиакаттамдарды уюштуруу азыркы учурда мүмкүн эмес”, - деп билдирди КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев.
Анын айтымында, аэропорттордо турган жана чек ара транзиттик чөлкөмдөрүндө мекенге келе албай жаткан жарандарга элчиликтер, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан кеңештер жана практикалык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Добавить комментарий ×