Чет элдик жаранды бычактап, Казакстанга качып кеткен шектүү кармалды
Ысык-Ата районунда чет элдик жаранга бычак менен кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, 3-сентябрь күнү Ысык-Ата аймактык ооруканага Россия мамлкетинин жараны 1998-жылы туулган А.В. денесине бычак менен келтирилген жаракат алып түшкөн.
"Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБтин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинде (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышты 1984-жылы туулган А.А. аттуу жаран жасаганы аныкталып, ал адам ошол окуя болгон күнү эле Казахстанга чыгып кеткени такталган. Издөө салынып, бөгөт коюу чарасы камакка алуу тандалган.
Ыкчам издөө иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектүү А.А. жүргөн жери такталып, ал кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө уланып жатат", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/chet-eldik-zharandy-bychaktap-koyuup-kazakstanga-kachyp-ketken-shekt-karmaldy
Добавить комментарий ×