Чек араны мыйзамсыз кесип өтүп бара жаткан өзбекстандын жараны кармалды

28 июнь 2018 20:30 1444 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ 27-июнда «Кадамжай-автодорожный» контролдук-өткөрүү пунктунан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп бара жаткан Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу КР мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөзүнөн билдиришти. Текшерүүгө алынган  1989-жылы туулган Э.Х. аттуу Өзбекстандык жарандын жанында документтери жок болуп чыкты. Жаран КРнын Ички Иштер Министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/chek-arany-myjzamsyz-kesip-tp-bara-zhatkan-zbekstandyn-zharany-karmaldy



Добавить комментарий