Чек арадагы жагдай туруктуу. Баткен-Лейлек жолу жабык бойдон турат
Бөлүшүү:
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал жалпысынан туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
Ишемби жана жекшемби күндөрдү жарандардын топтошуп, чогулганы байкалган жок.
Бүгүн, 18-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын сүйлөшүү процесстери улантылат.
Тажикстандын Исфара-Ворух жана Кыргызстандын Баткен-Лейлек жолу жабык бойдон турат.
Кыргызстандын чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-zhagdaj-turuktuu-batken-lejlek-zholu-zhabyk-bojdon-turat
Добавить комментарий ×