Кайрадан ок атышуу. Тажикттер гранатомёт, миномёттор менен аткылашты

14 июнь 2022 09:37 2031 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматын
маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн, 14-июнда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу саат 7:00дөр чамасында болгон. 

Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесине Тажикстандын «Кех» чек ара заставасы тараптан ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тарап да тажик посту тарапка жооп иретинде ок чыгарган.

"Эки өлкөнүн чек арачылары дароо аскердик позицияга өтүштү. Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөшүп, ок атышуу болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишти. Саат 07:50дө тажик тарап гранатомёт жана миномётторду колдонуу менен кайрадан аткылоону баштаган. Саат 08:10до атышуу токтоду. Ушул тапта тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, атышуулардын себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат. Саат 08:40ка карата Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда. Кыргызстандын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу боюнча бардык тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат", -деп айтылат маалыматта.
 

Ссылка: https://barometr.kg/chek-arada-kajradan-ok-atyshuu-tazhiktter-granatomyot-zhana-minomyottor-menen-atkylashty



Добавить комментарий