Чек арада аскер кызматкери өз жанын кыйды

1 сентябрь 2020 09:49 3558 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аскер кызматкери жанын кыйды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматта, 30-августта 2027 аскер бөлүгүнүн мөөнөтүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери өзүн асып жанын кыйганы айтылат.

 "Окуянын кандай орун алгандыгы боюнча азыркы учурда такталууда жана кызматтык иликтөө иштери башталды. Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп баштады", - деп жазылат маалыматта

Ссылка: https://barometr.kg/chek-arada-asker-kyzmatkeri-z-zhanyn-kyjdy



Добавить комментарий