Чаткалда сел суулары унаа жолду жана 4 турак үйдү каптады (Сүрөт)

27 июль 2020 12:46 582 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чаткалда сел суулары 18-чакырым унаа жолун каптап, кум шагылга толтурду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 26-июлда саат 21:20 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 18-чакырымын суу каптап, кум шагылга толтурган жана Терек-Сай айылында жайгашкан 4 турак үйдүн короолорун суу каптаган. 

"Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн ыкчам топ жана №17 ЖТИден 1 жүктөгүч, айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет тарабынан шашылыш эскертүү берилген. 


Ссылка: https://barometr.kg/chatkalda-sel-suulary-4-turak-jd-kaptadysrt



Добавить комментарий