Чаткал районунда 22 жашатагы тургун Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес

4 июль 2018 19:25 3297 Barometr
Бөлүшүү:
ok

22-июнь күнү Каныш-Кыя айыл аймагында, Айгыр-Жол айылынын тургуну 1995-жылы туулган Э. Тургуналиев Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

25-июнь күнү Ак-Таш айылында Чаткал дарыясынын жээгинен жогорудагыжарандардын документтери жана өздүк буюмдары табылган. Издөө иштерине  3-июль күнү КР ӨКМнин Республикалык өзүнчөкуткаруу отрядынын №2 Издөө-куткаруу отрядынан 11 куткаруучу, КР ӨКМнин №81 Өрт-куткаруубөлүмүнөн 11 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер жана а/а 1 адам тартылган, бирок  натыйжа болгон эмес.  Жалпы 26 адам тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/chatkal-rajonunda-22-zhashatagy-turgun-matiz-lgsndg-unaasy-menen-jnn-chygyp-ketken-boyuncha-kajtyp-kelgen-emes



Добавить комментарий