Чачыңыз майланыша береби?
Баардык сулуулар билсе керек, ашканадагы биз колдонуп жүргөн жөнөкөй эле туз чачка жана баш териге пайдалуу экенин. Туздун сизге тийгизе турган пайдалуу сыры тууралуу билгиңиз келеби? Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Туз бардыгыбызга эле өзүнүн пайдалуу жактары менен белгилүү. Көпчүлүк кыздар аны бут үчүн ванна жасоодо колдонуп келишет. Бирок аны пайдалануунун дагы да башка ыкмалары бар.
Чачка кам көрүү
Эгер сиздин чачыңыз бат-баттан майланыша берсе, анда бул кеңешти колдонуп көрүңүз. Өзүңүз күндө колдонуп жургөн шампуньга 1 чай кашык туз кошуңуз. Ал менен башыңызды жууңуз. Бул ыкманы ар дайым колдонуп турсаңыз, чачтын майланышканы бара-бара азайып калганын байкайсыз.
Кийинчээрек ага альтернатива катары дагы жакшыртылган методду колдонуп көрсөңүз болот. Ал кандай десеңиз чачка көлөм берүү үчүн тузду кондиционер менен аралаштырып, аны бир аз жылытып, ал аралашманы чачтын тамырынан тартып учуна чейин укалап чыгыңыз. Ушундайча 20 мүнөт кармап, жууп таштаңыз.
Бул чачтын учталуусун токтотуп, чачка көлөм берип турат.
Ссылка: https://barometr.kg/chachyyz-majlanysha-berebi
Добавить комментарий ×