Чач жасалгасына карап аялдын мүнөзүн кантип билсе болот?

6 декабрь 2021 14:47 4648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк аялдар өзүнүн күн сайын колдоно турган чач жасалгасын өзгөртүшпөйт, алар кээде гана майрамдык салтанаттарда өзгөрүшү ыктымал. Аялдын күн сайын колдонгон чач жасалгасы анын мүнөзүнөн кабар берет экен.  Бул тууралуу психологдордун сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Чачын өрүп жүргөн айымдар

Мындай кыздар же айымдар күнүмдүк жашоосу тынч жана бир беткей болуусун каалашат. Алар жалгыздыктан коркушпайт жана өз алдынча жүрө бергенден тажабайт.

Өз жашоосу жөнүндө ачылып бирөөлөргө сырын айта беришпейт. Ошол эле маалда беттеген максатынан тайбаган,  тырышчаак, тыкан жүргөн айымдар болот. Алар жоопкерчиликтүү келишет.

Катуу, тыкыс өрүлгөн чач элге кошула бербей  өз бетинче жүргөндү жактырган айымдын мүнөзүнөн кабар берет.  

Ал эми чачын түрдүү кылып өрүп жүргөн айымдар максатка жетиш үчүн эч нерседен кайра тартпаган айым экенин билгизет.

Артка байланган чач 

Хвостик же болбосо артка бир байлам чач кылып алган кыздар жашоодо эмнени каалап жатканын жакшы билгендер. Алдына максат коюп, ага жетүүгө бар күчтөрүн жумшайт. Чачын бир байлам кылып алган кыздар айлана- чөйрөдөгүлөргө чечкинсиз жана коркок болуп көрүнүшү ыктымал. Бирок бул туура эмес таасир. Алар абдан эле дымактуу, амбициялуу айымдар.

Жеке жашоосун айта бергендик жактырышпайт, жеке мейкиндигине киши киргизип достошуп кеткенди дагы каалашпайт. Үй-бүлөлүк жашоосуз өмүрүн эч бир элестете албайт, үй-бүлө ал үчүн ыйык. Мындай айымдар мыкты эне жана эң сонун жубай боло алышат. Канчалык чачын төбөсүн көздөй жогору байласа ошончолук элден өзгөчөлөнгүсү келет жана өзүнө болгон баасы жогору айымдар.

Бир байлам чачты желкесинде кармап жүргөндөр абдан сабырдуу, жакындарынын ишеничин актагысы келген айымдар.

Кыска чачтар

Мындай айымдар кайсы тармакта болбосун өзүн көрсөтө алган активдүү адамдар болуп саналат. Алардын мүнөзү ар түрдүү болуп жагдайга жараша өзгөрөт. Айланасындагы адамдардын пикири менен эсептешкиси келбейт.Өзүнүн көз карашы бар ага жетиш үчүн эч кимди аябайт.

Эркектер менен тез тил табышып, эркек мүнөзүү, аналитикалык акылга ээ келишет.

Каре кыркылган чач жасалгасы 

Назик жана сезимтал айымдардын тандоосу. Мыкты маектеш кайсы гана темада болбосун сүйлөшүүгө даяр. Маанайы тез-тезден өзгөрүп турат. Дымактуу, карьера кылгысы келген айымдар кыска каре чач жасалгасын тандашат.

Узун жайып алган чачтар

Мындай чач жасалгасын эч жакка шашпаган, тынч жүргөн кыздар колдонот. Алардын жашоого көз карашы консервативдүү. Алар үчүн эркек киши көңүл бөлүп жана камкордук кылып турушу керек. Чыныгы жашоодо алаканына салып алдейлеген ханзаданы күтүшөт. Бирок ошол эле маалда жакындарына дагы ушундай мамиле кыла билет. Сезимтал, бирөөгө камкордук кыла билген айымдар.

Узун тармал чач жасалгасы

Романтикалуу, мырзаларга көп кылыктана билген айым. Дайыма шатыра-шатман жүргөндү жактырат. Айланасындагы мырзалар суктанып эле карап турса деп кыялданат. Ачык айрымдыгы кээде өзүнө тоскоолук жаратышы мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/chach-zhasalgasyna-karap-ayaldyn-mnzn-kantip-bilse-bolot



Добавить комментарий