Үч жарым айдан бери дайынсыз болгон Бахтигүл табылды, бирок үйүнө баруудан баш тарткан
Укук коргоо органдары үч айдан бери дайынсыз болгон 19 жаштагы Бихтигүл табылгандыгын маалымдады.
Белгилүү болгондой, укук коргоо органдарына кыздын Ысык-Көл областынын аймагынан көрүшкөндүгү туурасындагы маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери аны ата-энесине кайтаруу үчүн барышканда кыз Кара-Балтадагы үйүнө кайтуудан баш тарткан.
Кыз 19 жашта болгондуктан милиция аны күч менен алып келе алышкан эмес. Болгону анын жашаган жерин, сак-саламатта экендигин такташкан. Кыз менен түшүндүрүү иштерин Ысык-Көл облустук милициясы жүргүзгөндө, ал биринчи Бишкекке чыгып кеткендиги белгилүү болгон. Ошондой бул кыз Кара-Балтада Бахира деген каймана ат менен белгилүү болгон, ал эми Ысык-Көлдө Рано деген атты алып жүргөн.
Эскерте кетсек, буга чейин Жайыл райондук ИИБ тарабынан 2000-жылы туулган Каликулова Бахтигүл Умаралиевна изделип жаткан. Кара-Балта шаарынын 19 жаштагы жашоочусу 2019-жылдын 7-мартында, болжол менен саат 15-00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Ал буга чейин дагы үйүнөн кетип калып жүргөндүгү белгилүү болгон.
Добавить комментарий ×