Үч эм төрөлгөндөн кийин эркекти декретке кетиришти
Казакстандын Караганда областындагы Жайрем тоо кен-байытуучу комбинатында слесарь болуп иштеген киши колуктусу үч эм төрөгөндөн кийин жумуш берүүчүнүн макулдугу менен декретке кетти. Аян Усеровдун үй-бүлөсүндө буга чейин дагы үч баланы тарбиялап жатышкан. Бул тууралуу nur.kz кабарлады.
Үч баланы тарбиялоо милдети жубайы Ботогозго жүктөлгөн. Алгач төрөт үйүнөн чыккандан кийин аял үч эмди өзү багып жаткан, бирок түйшүк ушунчалык көп болуп кеткендиктен күйөөсү да декретке чыгууну чечкен.
Бул тууралуу «Казцинк» ишканасынын коомчулук менен байланышуу башкармалыгынан кабарлашты. Эркектер сейрек учурда декретке кеткенине карабай анын арызына ишканадан дароо кол коюп беришти.
“Ал бизде 15 жылга жакын убакыттан бери иштеп келе жатат. Аян Усеров отпуска сурагандан кийин биз дароо макул болдук”,-деп кабарлашты ишканадан.
Ссылка: https://barometr.kg/ch-em-trlgndn-kijin-erkekti-dekretke-ketirishti
Добавить комментарий ×