Коронавирустан айыккандар тогуз кишиге жетти
Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ооруканадан чыккандар - 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.
"Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн", - деп айтылат маалыматта.
Ошентип, бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды.
Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 144 кишиге жуккан. Анын арасында 9 дарыгер да бар. Бейтаптардын арасында алты киши реанимацияда.
Ссылка: https://barometr.kg/ch-bejtap-koronavirustan-ajygyp-oorukanadan-chygaryldy
Добавить комментарий ×