"Пирамида" менен "Бешинчи каналга" 40 миллион сом бөлүнүп берилет
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Маданият жана маалымат министрлигинин «Пирамида» менен «Бешинчи канал» теле каналдарына 40 миллион сом бөлүп берүү өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов былтыркы жылдын бюджетинен ашып калган каражаттын эсебинен эки телеканалган 20 миллион сомдон бөлүнүп бериле турганын айтты.
Добавить комментарий ×