Быйылкы акыркы коңгуроо өзгөчөлөнөт. Ага эстрада жылдыздары дагы катышат
Быйыл акыркы коңгуроо онлайн түрүндө өтөрүн билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
“Жыл сайын мектептерде акыркы коңгуроону салтанаттуу түрдө өткөрүп келдик. Бирок, быйыл өлкөдөгү кырдаалды эске алып аны онлайн түрүндө өткөрөбүз. Биздин журналисттер телеканалдардан жана социалдык тармактардан кетүүчү #менбүтүрүүчүмүн же #явыпускник акцияны кое беришти. Ошондуктан бардык жылдыздарды жана белгилүү адамдарды бул акцияга кошулууну суранып кетем. Биздин бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, маанайларын көтөрөбүз!”, - деди ал.
2020-жылы Кыргызстанда 9-классты 103 670 окуучусу жана 11-классты 58 730 окуучу бүтүрөт.
Билим берүү жана илим министрлиги аттестаттарды өз убагында берүү үчүн бардык күчүн жумшайт.
Ссылка: https://barometr.kg/byjylky-akyrky-koguroo-zgchlnt-aga-estrada-zhyldyzdary-dagy-katyshat
Добавить комментарий ×