Быйыл ЖТРден эң жогорку баллды Алай районунун окуучусу алды

16 июль 2020 13:27 5869 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ 43 245 бүтүрүүчү катышты, алардын 53ү «Алтын сертификатына» ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эң жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды. Анын баллы - 229. Ошондой эле эң жогорку балл алгандар өлкө боюнча:

  • Бишкек шаары – 28
  • Ош шаары - 3
  • Чүй облусу – 6
  • Ош облусу – 2
  • Талас облусу – 2
  • Баткен облусу – 6
  • Ысык-Кѳл облусу – 4
  • Нарын облусу – 1
  • Жалал-Абад облусу -1

Азыркы учурда ар кандай себептер менен мурдагы эки этапка катыша албаган бүтүрүүчүлѳр ЖРТга тест тапшырышты (2020-жылдын 13-14-июлунда), алардын саны 700гѳ жакын. Акыркы этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлѳр болсо, «Алтын сертификатка» ээ болгон тизмеге 2020-жылдын 17-июлунда кошумча киргизилет.

Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-zhtrden-e-zhogorku-balldy-alaj-rajonunun-okuuchusu-aldy



Добавить комментарий