Быйыл тышкы жана ички карызды тейлөөгө 1,6 млрд жумшалган

4 декабрь 2018 09:45 971 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдын ноябрь айында республикалык бюджеттен ар кайсы чыгымдар үчүн 11,2 миллиард сом кетти. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, аталган сумманын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына — 2 миллиард 552 миллион сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарга — 766 миллион сомдон ашыгыраак акча, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 4,7 миллион сом бөлүнгөн.

"Мамлекеттик тышкы жана ички карызды тейлөөгө — 1,6 миллиард сомго жакын бюджеттик каражат жумшалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми "Имараттар жана курулуштар " беренеси боюнча чыгымдар — 688,7 миллион сомду түздү.

Калган каражат башка беренелер боюнча сарпталды. Эң көп чыгым айлык акы төлөөгө жумшалган.




Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-tyshky-zhana-ichki-karyzdy-tejlg-16-mlrd-zhumshalgan



Добавить комментарий