Быйыл Орозо айы 13-14-апрелде башталышы мүмкүн
Бул жылы Орозо айы болжолдуу 13-14-апрелде башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, бул айтылган болжолдуу күндөр өзгөрүшү мүмкүн. Анткени, Орозо айы айдын жаңырышына карап өзгөрөт. Орозо айынын башталышынын так күнү апрель айынын башында белгилүү болот.
Эске сала кетсек, былтыр Орозо 24-апрелде башталып, коронавирустан улам карантинге, изоляция режимине туура келип калган. Ага ылайык, Орозо учурунда ооз ачууга же ифтарга конок чакырууга тыюу салынып, айт майрамы белгиленбей, Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-orozo-ajy-13-14-aprelde-bashtalyshy-mmkn
Добавить комментарий ×