Быйыл Орозо 24-апрелде баштала турган болду

17 апрель 2020 18:29 1375 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Быйыл Кыргызстанда Орозо 24-апрелде башталат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай чечим, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жаңы айдын башталуусу тууралуу Орто-Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана ошондой эле коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн Дин Башкармалыктары менен кеңешип, орозонун биринчи күнү аныкталды.

“Шарияттын көрсөтмөлөрүнө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык Рамазан айы ушул жылдын 24-апрелинде башталат деген чечим кабыл алынды. Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн”, — деп айтылат маалыматта.

Муфтий Максат ажы Токтомушев Орозо айынын башталышы карантин учуруна туш келип калып жатканына токтолуп, андыктан Орозону үйдөн кармоого чакырды.

“Орозону үйдөн кармайбыз, ооз ачарлыкты дагы үйдө бала-бакыра менен кылабыз. Намаздарды дагы абал турукташканга чейин үйдөн окуйбуз. Биз бул кыйынчылыкты тартиптүүлүктү бекем сактоо менен гана жеңе алабыз. Ыйык айда көп жума кылалы. Орозонун башталышына саналуу гана күндөр калды. Ага даярданалы”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-orozo-24-aprelde-bashtala-turgan-boldu



Добавить комментарий