"Бычактан сокку жеп, кайра өзүм күнөөлүү болуп жатам"- деп президентке кайрылган Никита Наабердин окуясына ИИМ жооп берди
Никита Наабердин президентке кайрылуусу боюнча Бишкек ШИИБи тушүндүрмө берди.
Анда маалымдалгандай, Биринчи май райондук ИИБине 1986-жылы туулган Никита Наабер аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 12-август күнү Тоголок Молдо көчөсүндөгү үйүнүн жанында 18-20 жаштардагы бейтааныш балдар сабап кеткенин, ошолорго чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факт Биринчи май РИИБнин каттоо китепчесине жазылып, арыз ээси медициналык текшерүүдөн өткөн. Н. Наабер денесине жеңил жараат алгандыгы аныкталган. 14-август күнү Биринчи май райондук ИИБинин тергөө кызматы тарабынан 234-берененин 2-бөлүгү (бейбаштык) беренеси кылмыш иши козголгон.14-август күнү Асылбаева Ш. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, 12-август күнү болжол менен 21:00 чамасында "Никита" аттуу жаран жашы жете элек баласы Рахимов С.ны сабап салганын билдирген. Бул факт Биринчи май райондук ИИБине катталып, бала соттук медициналык экспертизадан өткөн. Денесинен анча оор эмес жараат алганы аныкталган. 1-октябрь күнү Никита Нааберге "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Никита Наабер президентке өзүнүн жеке баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган. Анда ал короосундагы ээнбаш балдардын бычак колдонуусунан улам жаракат алгандыгын айтып, бирок аларга иш козголбой эле кайра Никита Наабер кунөөлөнүп жаткандыгын айткан.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын Бишкек ШИИБи маалымдады.
Добавить комментарий ×