БУУ: Пандемиядан улам көзү ачыктарга кайрылгандар альбиносторго кол салууда
Бириккен улуттар уюмунун альбинизми бар адамдардын укугун коргоо боюнча көз карандысыз эксперти Икпонвоса Эро коронавирус пандемиясынын маалында альбинос адамдары өлтүрүү күч алганын маалымдады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлаганын “Барометр” билдирет.
Эксперт муну пандемиядагы кризистен улам жакырчылыкка батып кеткен айрым адамдар тез байып кетиш үчүн көзү ачыктарга кайрылып жатышканы менен байланыштырды.
“Альбинизми бар адамдарга кол салуу же аларды өлтүрүү көп катталып жатканы өкүндүрөт. Айрым адамдар алардын дене бөлүктөрү кошулган сыйкырдуу дары байлык алып келет деп тантыраган кепке ишенип алышкан.Эң эле өкүнүчтүүсү курмандыкка кабылгандардын көбү-балдар”,-деп айтты эксперт.
БУУ билдиргендей, альбинизм менен жабыркагандарды дискриминациялоо дагы деле катталып келе жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/buu-pandemiyadan-ulam-kz-achyktarga-kajrylgandar-albinostorgo-kol-saluuda
Добавить комментарий ×