БУУ: Качкындардын саны бир жыл ичинде 4% га көбөйдү
Дүйнөдө согуштан жана зордук-зомбулуктан качкандардын саны 2020-жылы 4% га көбөйүп, дээрлик 82,4 миллионго жетти. Бул тууралуу БУУнун Женевада жарыялаган докладына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"Коронавирус пандемиясына карабастан, 2020-жылы согуштан, зордук-зомбулуктан, куугунтуктоодон жана адам укуктарын бузуудан качкандардын саны дээрлик 82,4 миллионго жетти", - деп айтылат маалыматта. 2019-жылдын аягында алардын саны 79. 5 болгонун. Ал эми жалпы өсүш 12 айда 4% ды түздү.
Коргоого муктаж адамдардын арасында 48 миллион адам жер которууга аргасыз болушкан. Бир жылдын ичинде алардын саны 2,3 миллион адамга көп болду, бул биринчи кезекте Эфиопиядагы, Судандагы, Сахел, Мозамбик, Йемен, Афганистан жана Колумбия штаттарындагы кризистерден улам болууда.
"Алардын ар бири артында үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон адамдар турат" деди БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди. Алар көңүл бурууга, колдоого татыктуу экендигин баса белгиледи.
Отчетто белгиленгендей, үйүн таштап кетүүгө мажбур болгон адамдардын 42% жашы жете элек балдар жана алар "өзгөчө аялуу" болушат. БУУ КЖКБнын болжолунда, 2018-2020-жылдар аралыгында 1 миллионго жакын бала "төрөлгөн качкын" болгон. 33,8 миң качкын мурда баш калкалаган өлкөлөрдүн жарандыгын алышкан.
Гранди дүйнө лидерлерин жана таасири бар адамдарды ар кандай пикир келишпестиктерди четке кагып, саясатка өзүмчүл мамилени токтотууга үндөдү. Анын пикири боюнча, күч-аракеттерди чыр-чатактарды алдын алууга жана чечүүгө жана адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууга багыттоо зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/buu-kachkyndardyn-sany-bir-zhyl-ichinde-4-ga-kbjd
Добавить комментарий ×