БУУ: Илон Масктын 2 пайыз байлыгы эле дүйнөдөгү ачарчылык маселесин чечмек

28 октябрь 2021 14:06 2679 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Илон Масктын 2 пайыз байлыгы эле дүйнөдөгү ачарчылык маселесин чечмек. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли билдиргенин CNN булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Дэвид Бизли эгерде миллиардерлер азыр бириксе дүйнөдөгү ачкачылык маселесинен чыгып кетсе болот. Негизинен сөз Илон Маск жана Джефф Безос тууралуу болуп жатат.

Bloomberg булагы берген маалыматка таянсак,Tesla компаниясынын директору Масктын байлыгы 289 млрд доллар.  

Америкалык миллиардерлердин жалпы байлыгы пандемия маалында көбөйүп,  5,04 трлн доллар болду.

Климаттын өзгөрүшү менен коронавирус пандемиясы көптөгөн өлкөлөрдү ачарчылык кризисине алып келди. Учурда Афганистандын 22,8 млн тургуну катуу ачарчылыкка кабылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/buu-ilon-masktyn-2-pajyz-bajlygy-ele-djndg-acharchylyk-maselesin-chechmek



Добавить комментарий