БУУ: 2021-жылы дүйнө элин болуп көрбөгөндөй аянычтуу сыноо күтүп турат
2021-жылы дүйнө жүзү акыркы 75 жылдагы эң оор гуманитардык кризиске кабылуу коркунучунда. Мындай билдирүүнү БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын (БДП) директору Дэвид Бизли Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын COVID-19 менен күрөшүүгө арналган атайын отурумунда айткан билдирүүсүнө шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Анын айтымында, келерки жылы "абдан катаал жана коркунучтуу жоготууларга алып келиши мүмүкүн".
Бизли куралдуу кагылышуулар акыркы төрт жылда абалды катаалдаштырып, ансыз да ачарчылыктан жабыркап келген адамдардын санын 80 миллиондон 135 миллионго чейин көбөйткөнүн белгиледи.
“Пандемиядан улам алардын саны 270 миллионго жетти”, - деп кошумчалады ал.
“Эгер биз керектүү каражаттарды чогулта алсак, дүйнөлүк коомчулук гуманитардык кризистен чыгып кетишет, бирок, экономикалык кризистен улам бул оңой болбойт.
Мен дүйнө жүзү боюнча көптөгөн досторума жана лидерлерге айткандай, келерки жылы биз баардыгын каржылай албайбыз. Андыктан биз дестабилдештирүү, ачкачылык жана миграция көйгөйлөрүнө артыкчылык беришибиз керек", - деди БУУнун ДАП башчысы.
Бул учурда, Бизли, адамзат "2021-жылы жашап кете алат" деди.
ДССУнун акыркы маалыматтары боюнча дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктургандар 63,5 миллиондон ашуун адамга жетти. Дээрлик бир жарым миллион адам каза болду. АКШ, Индия жана Бразилия COVID-19дан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн тизмесинде, андан кийин Орусия, Франция, Испания, Улуу Британия, Италия, Аргентина жана Колумбия кирди.
Ссылка: https://barometr.kg/buu-2021-zhyly-djn-elin-bolup-krbgndj-ayanychtuu-synoo-ktp-turat
Добавить комментарий ×