Бишкекте 9-класстын окуучуларына бейбаштык тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү

25 декабрь 2019 16:58 2008 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын 24-декабрында ИИМдин КККнын Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна Бишкек шаарынын №82 орто мектебинин 9-классынын окуучулары чакырылды. 

Укук бузууларды алдын алуу максатында аларга лекциялар өткөрүлдү жана видеороликтер көрсөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Бул сыяктуу жолугуулар жана сабактарды өткөрүү өспүрүмдөргө абдан пайдалуу. Сабактар жемиштүү жана достук ортосунда өттү, окуучулар өткөрүлгөн сабактарды кызыгуу менен угушту. Иш-чаранын аягында ИИМдин КККнын Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери окуучуларга буклет жана брошюраларды таратышты.


Ссылка: https://barometr.kg/bul-syyaktuu-zholuguular-zhana-sabaktardy-tkr-sprmdrg-abdan-pajdaluu



Добавить комментарий