Бул ирет "Франкфурт-на-Майане". Төрага кайтадан жаңы шаар таап алды. Видео
Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-январда, “2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карап жатышат.
Төрага Дастанбек Жумабеков мыйзамдын аталышын окуп жатып, Франкфурт-на-Майане деп жаңылып окуп алды. Спикер буга чейин да аталган шаарды "Франкфурт-жана-Майане" деп туура эмес айткан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/bul-iret-frankfurt-na-majane-traga-kajtadan-zhay-shaar-taap-aldy-video
Добавить комментарий ×