Бул айылдын элинин баары кыл аркан менен басат (видео)

20 октябрь 2021 14:03 1136 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Дагестан автономиялуу республикасында тоонун арасында жайгашкан Цовкра-1 айылынын эмгекке жарамдуу калкынын баары кыл арканда баскан же дарчылык менен машыккан дүйнөдөгү жалгыз айыл. Бул тууралуу Diagonal View булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Кыл аркан менен басуу каадасы бул айылда качан пайда болгонун эч ким билбейт. Бирок акыркы 100 жылда аталган айылда эмгекке жарамдуу ар бир эркек, аял жана балдар дарчылык өнөрдү өздөштүрүшкөн. Көбү цирк артистери болуп кетишкен. 1980-жылдарда аталган айылда 3000дей калк болсо, учурда 400дөй адам жашайт.

Уламыш боюнча Цовкра-1 айлынын жашоочулары өздөрүнүн сүйүктүүсүнө тезирээк жетиш үчүн кооптуу өнөрдү өздөштүргөн экен.  Айылдагы сүйүктүү кызына тоо аралап, көп күндүк жол басып келгенден көрө аркан менен жүрүп жолду кыскартышкан имиш. Бирок көбү бул романтикалык теорияга ишенишпейт. Жергиликтүү тургундар бул бийик жарлар менен суулардан өтүш үчүн үйрөнгөн адат деп эсептешет.

«Баары эле арканда ар кандай трюктарды жасай алышпайт. Бирок баардык эмгекке жарамдуу айыл тургуну аркандан басканды билет”,-деп айтты «Цовкра-1» мектебинин мугалими Рамазан Гаджиев. 



 

Ссылка: https://barometr.kg/bul-ajyldyn-elinin-baary-kyl-arkan-menen-basat-video



Добавить комментарий