"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапкерлери сот имаратынын алдында митингге чыгышты
Бөлүшүү:
Бүгүн, 7-сентябрда Боршайкомдун чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.
Учурда партиянын тарапташтары чогулуп сот имаратынын алдынды митинг өтүп жатат.
Партиянын тарапташтары Бишкек административдик сотунан "Бүтүн Кыргызстан" партиясын шайлоо жарышынан чыгаруу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарууну талап кылышууда.
Эске сала кетсек, 3-сентябрда БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан.
Добавить комментарий ×