"Бүтүн Кыргызстан" боюнча соттук отурум 9-сентябрга жылдырылды

7 сентябрь 2020 19:47 1231 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 7-сентябрда Боршайкомдун чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын доо арызы каралды. Анда аталган партиясынын өкүлү БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранган. Бишкектин административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арызын кароону 9-сентябрда уланта турган болду.

Буга чейин, партиянын тарапташтары Бишкек административдик сотунан "Бүтүн Кыргызстан" партиясын шайлоо жарышынан чыгаруу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарууну талап кылып митинге чыкканын кабарлаганбыз.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин "саясий чечим" деп баалаган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы сотко кайрылган.

Ссылка: https://barometr.kg/btn-kyrgyzstan-boyuncha-sottuk-oturum-9-sentyabrga-zhyldyryldy



Добавить комментарий