БШКнын мүчөсү шайлоого жыйырмадай партия катышарын болжолдоду

14 сентябрь 2021 14:59 1186 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Жогорку Кеңештин шайлоосуна жыйырманын тегерегиндеги партиялар катышат деп болжолдойт. Бул тууралуу Жылкыбаев эфир маалында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, учурда 75 партия шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирди.

“Азыр процесс башталат:талапкерлердин тизмеси берилет, шайлоо күрөөсү төлөнөт.Партиялар биригиши мүмкүн.Эгерде мурда партиялар шайлоо болгонго чейин 6 айдын аралыгында каттоодон өтүүгө тийиш болсо, азыр партиялар шайлоого чейин кайсы күнү болбосун каттала алат”,-деп айтты ал.

Жылкыбаев шайлоо аралаш система боюнча өтөрүн, депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскартылганын эскертип өттү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bshknyn-mchs-shajloogo-zhyjyrmadaj-partiya-katysharyn-bolzholdodu



Добавить комментарий