БШК: Кыргызстанда 3 миллион 617 миң 141 шайлоочу бар

7 сентября 2021 11:51 1339 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда канча жаран добуш берүү укугуна ээ экенин маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Санариптик өнүгүү министрлиги берген маалыматка ылайык, 4-сентябрда шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 686 миң 921 адам болду.Тышкы иштер министрлигиндеги шайлоочулардын маалыматын эсептебегенде 3 миллион 617 миң 141 адам.

Жогорку Кеңештин партиялар сунуштаган 54 депутатын пропорционалдуу системада шайлоо үчүн Кыргызстандын жалпы аймагы бир шайлоо округу болуп эсептелет.

Ал эми мажоритардык системада 36 депутатты шайлаш үчүн бир мандаттуу шайлоо окуругдары түзүлөт.

Бул үчүн бир мандаттуу шайлоо округдардын калыптандыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Ар бир округ болжолдуу түрдө 100 миң 476 шайлоочудан турушу керек.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-kyrgyzstanda-3-million-617-mi-141-shajloochu-bar



Добавить комментарий