Милиция күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө киришти
28-ноябрда өткөрүлө турган парламенттик шайлоого карата милициялар кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Шайлоо күнү коомдук тартипти жана коопсуздукту 11 миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыз кылмакчы. Өзгөчө макам 29-ноябрга чейин созулат.
Бүгүн Эски аянтта Бишкек гарнизонунун ички иштер кызматкерлеринин инструктажы өткөрүлдү. Сапка тизүүгө Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышты.
Ошондой эле ар бир шайлоо участогуна милиция кызматкерлери бекитилмекчи. Күнү-түнү ыктыярдуу элдик дружиналардын өкүлдөрү менен стратегиялык объектилерди кайтаруу боюнча нөөмөт иштери да жүргүзүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-kchtlgn-rezhimde-kyzmat-tg-kirishti
Добавить комментарий ×