БШК партиялардын шайлоо тизмесиндеги ордун чүчү кулак аркылуу аныктады

10 сентябрь 2020 09:55 1008 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече, 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бюллетендеги саясий партиялардын катар номерлерин аныктоо үчүн чүчү кулак өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Чүчү кулак саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ММК жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачык форматта өттү.

Жыйынтыгында бюллетендеги саясий партиялардын номерлери төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1. «Биримдик»,

2. «Мекенчил»,

3. «Ыйман Нуру»,

4. «Мекеним Кыргызстан»,

5. «Реформа»,

6. «Ата мекен»,

7. «Замандаш»,

8. «Бүтүн Кыргызстан»,

9. «Социал-Демократтар»,

10. «Мекен Ынтымагы»,

2020-жылдын 9-сентябрындагы шайлоо бюллетенинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн бюллетендин текстин жана формасын бекитти.

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-partiyalardyn-shajloo-tizmesindegi-ordun-chch-kulak-arkyluu-anyktady



Добавить комментарий