Британиянын биологдору өлүмдүн өңү-түсү кандай болорун аныкташты

25 апрель 2019 14:10 3287 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуу Британиянын биологдору изилдөөлөрдөн кийин өлүмдүн түсү көк боло турганын аныкташты. Бул тууралуу изилдөө «PLoS Biology» журналына жарыяланды.

Тажрыйба атайын курттарга жүргүзүлгөн. Өлүм учуру келгенде жандууларда клеткалар аралык мамилени буза турган химиялык реакция жүрөт.Муну некроз деп коюшат. Некроз процессинен улам көгүлтүр нурлануу пайда болот. Некроз маалында кальцийдин катышуусу менен кошулган бирикемелер ажырайт.

Иштин жыйынтыктары тууралуу бүтүмдү профессор Дэвид Джемс жарыялады. Анын тажрыйба жасоочулар тобу клеткалар өлүм тууралуу бири-бирине кандай маалымат берише турганын аныкташкан.

Бул изилдөө боюнча жүрөк сокпой калгандан 2-3 минутадан соң клеткаларга некроз тууралуу старт берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/britaniyanyn-biologdoru-lmdn-ts-kandaj-bolorun-anyktashty



Добавить комментарий