Экс-футболчу Роналдиньо абактан бошотулду (видео)
Бразилиянын мурунку футболчусу, дүйнөнүн эки жолку футбол боюнча чемпиону Роналдиньо абактан бошотулду. Бул тууралуу France Press агенттигинин 24-августта берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” которду.
Роналдиньо жана анын бир тууган агасы Парагвайга жасалма паспорт менен кирүүгө аракет кылган деп 7-мартта кармалышкан. Апрелде футболчуну жана агасын үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган. Алар сот иштери аяктаганча Парагвайдын Асуньсьена мейманканасында үй камагында кармалып турушкан.
Парагвайдын мамлекеттик прокуратурасы 7-августта Роналдиньога карата сот иштерин токтотуу чечимин кабыл алган.
Бул чечимди алар Роналдиньо агасынан айырмаланып жасалма документтерди жасоо ишине катыштыгы жок экендиги тастыкталгандан кийин кабыл алышкан.
Эми кырк жаштагы экс-футболчу 90 миң доллар айып пулду төлөгөндөн кийин өз өлкөсүнө кете берсе болот.
Эскерте кетсек, 2018-жылы Бразилия бийлиги Роналдиньонун 19 мүлкүнө салык төлөбөгөндүгү үчүн жалпы жарандык паспортунан ажыраткан.
2015-жылы Роналдиньо жана анын агасын Порту-Аллегри портуна мыйзамсыз балык сактоочу кампа кургандыгы үчүн 2 млн евро айып салган. Бирок Роналдиньо бул айып пулду төлөгөн эмес.
Добавить комментарий ×