Бразилияда нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен 36 адам каза болуп, бир нечеси дайынсыз болууда

20 февраль 2023 10:29 1115 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Сан-Паулу штатында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепеттеринен 36 адам каза болду. Бул тууралуу Globo агенттиги жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, үйлөрдү каптап кеткен. 

Айрым үйлөрдү көлөмдү таштар басып калган. Убатуба муниципалитетинде үйдүн үстүнө 2 тонна салмактагы таш кулап 7 жашар кыз каза болсо, Сан-Себастьян муниципалитетинде дагы 35 адам каза болду. 

Мындан тышкары, аба ырайынын начардыгынан 228 адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.   
 
 

Дагы 338 жергиликтүү тургун үйсүз калды.    

Сан-Себастьян аймагынын башчысы Фелипе Аугусто билдиргендей, муниципалитетте 50 үй урап түшкөн. Сан-Паулонун айрым аймактарында байланыш, электр жарыгы жана суусуз калышкан.    

Ошону менен катары эле, бир нече адам дайынсыз болууда.
 
 
 

Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва 20-февралда жабыркаган муниципалитеттерге барат.      

Сан-Паулуда январдан бери жамгыр тынбай жаап жатат.       


Ссылка: https://barometr.kg/braziliyada-nshrlgn-zhaandyn-kesepetinen-36-adam-kaza-bolup-bir-nechesi-dajynsyz-boluuda



Добавить комментарий