Боронов саламаттыкты сактоо министрине жана анын статс-катчысына сөгүш берди

29 сентябрь 2020 16:16 812 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов аймактарда коронавирустук инфекциядан жабыркагандардын санынын өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана анын статс-катчысы Калысбек Шадыхановго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, министр менен статс-катчыга сөгүш "мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес" деген негизде берилген.

Штабдын жыйынында коронавирустун жайылышына байланышкан кырдаал кооптуу болуп жаткандыктан, коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү белгилүү болду.

Боронов бир катар райондордо вирус жугузгандардын өсүшүнө тынчсыздануу билдирди. Санитардык чаралардын жана киргизилген чектөөлөрдүн сакталышына тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн жергиликтүү бийлик менен ички иштер органдарынын ишин сынга алды. Илдеттин тарашынын алдын алууда жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилиги жогору экенин эскертти.

«Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптуусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла», - деди Кубатбек Боронов.

Эске сала кетсек, коронавирус илдетин жугузгандардын саны көбөйүп жатат. 29-сентябрга карата COVID-19 илдети жана пневмония 167 кишиден жаңы аныкталды. Вирусту жугузгандардын саны боюнча Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары алдыда. Пандемия башталган март айынан бери 1064 адам коронавирус илдетинен каза болду. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын саны 46 522 кишиге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-salamattykty-saktoo-ministrine-zhana-anyn-stats-katchysyna-sgsh-berdi



Добавить комментарий