Боронов: Кафе-ресторандардын ээлери 100-150 кишиге уруксат берүүнү суранып жатышат

15 сентябрь 2020 17:42 1305 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу кафе-ресторандарга толук кандуу иштөөгө уруксат бериле элек. Бирок жеке ишкерлерден кафе-ресторандарды 100-150 орунга чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар болууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун брифинг учурунда берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен тойканаларды 100 орунга чейин ачылышына республикалык штабда маселе каралмайынча, алардын ачылбастыгын эскертемин. Азыркы тапта, жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандарды 100-150 орунга чейин көбөйтүү боюнча өтүнүчтөр болуп жатат. Бирок, биз биринчиден кырдаалды эске алып, экинчиден кафе-ресторандардын ээелери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк туулат”, - деп билдирди Боронов.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-kafe-restorandardyn-eeleri-100-150-kishige-uruksat-bern-suranyp-zhatyshat



Добавить комментарий