ЕАЭБдин Минсктеги жыйынына Боронов учуп кетти

17 июль 2020 09:30 1173 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Боронов ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Минскке учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына (Беларусь Республикасы) учуп кетти. 

"Жыйындын күн тартибинде соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактарында өз ара иштешүү маселелери талкууланат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптардын ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү, бирликтин финансы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу жана башка бир катар темаларды талкуулоосу пландалган.  Кеңештин алкагында өкмөт башчынын бир нече жолугушууларды өткөрүүсү күтүлүүдө. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-eaeb-kmttr-aralyk-keeshinin-zhyjynyna-katyshuu-chn-minskke-uchup-ketti



Добавить комментарий