Норвегия Кыргызстанга уран калдыктарынан арылууга жардам берди

26 сентябрь 2019 09:00 1218 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Норвегия Королдугунун Тышкы иштер министри Ине Эриксен Серейде айым менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР ТИМ Башчысынын 2019-жылдын январында Норвегияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады. 

Бордбордук Азиядагы уран калдыктарын реабилитациялоо боюнча Трасттык фондго Норвегиянын финансылык колдоосу үчүн кыргыз тарабы ыраазычылык билдирди жана радиациялык коопсуздук маселелеринде ийгиликтүү кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Тараптар экономикалык өз ара аракеттенүүнү жана норвегия базарына карата Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну күчөтүү маанилүүлүгүн белгилешти. Бул максатта Кыргызстандан чыккан товарлардын кеңири спектрин Норвегияга импорттоо боюнча норвегия тарабы 2019-жылдан тартып атайын преференциялык статус берди.

Ссылка: https://barometr.kg/bordborduk-aziyadagy-uran-kaldyktaryn-reabilitaciyaloo-boyuncha-trasttyk-fonddgo-finansylyk-koldoosu-chn-kyrgyz-taraby-yraazychylyk-bildirdi



Добавить комментарий