Борбордук аянттагы балаты жандырылды

10 декабрь 2018 21:40 3753 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында  "Кышкы жомок" деп аталган өлкөнүн башкы балатысынын жарыгы жандырылды. Ага шаардыктар, калаа башчысы Азиз Суракматов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров катышты.
Башкы балатынын жандырылышы концерттик программа менен коштолду.  Балаты  350 даана оюнчук, узундугу 4 миң 900 метр болгон дюралайт зымынан оймо-чиймелер, 240 метр түстүү жарык берген гирлянддар менен кооздолгон. 

Борбор калааны Жаңы жыл майрамына жасалгалоонун концепциясы Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан. 

Эске салсак, быйылкы жаңы-жылдык балатыга мэрия былтыркы  жумшалган каражаттын жарымын жумшайт деп мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирген эле.


 

Ссылка: https://barometr.kg/borborduk-ayanttagy-balaty-zhandyryldy



Добавить комментарий