Бишкектин бир канча жерлеринде эл чогулуп, митинг болуп жатат. Кошумча милиция күчтөрү тартылууда

5 октября 2020 14:43 577 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп, митинг өтүп жатат, кошумча полиция күчтөрү тартылууда. Бул тууралуу "Короче" телеграмм – каналына социалдык тармактардын колдонуучулары аянттагы видеотасманы жөнөтүшкөн. Аталган телеграмм-каналга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Митингге бир эле учурда бир нече саясий партиялар катышууда. Алар шайлоого ат салышып, бирок добуштарды алдын-ала эсептөөнүн натыйжасында Жогорку Кеңешке өтпөй калган.

Тактап айтканда, Социал-демократтар партиясынын, ошондой эле бирдиктүү беш партиянын өкүлдөрү: “Реформа”, “Мекен Ынтымагы”, “Чоң Казат” , “Ыйман Нуру” жана “Ордо”, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп борбордук аянтка келишти.

Ошону менен катары эле, опера жана балет театрынын жанына да элдер чогулуп жатканы маалым болду.

Эске сала кетсек, кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Аларга 16 саясий партия катышкан. Автоматтык түрдө окулуучу урналардын (АБЖ) 2020-жылдын 4-октябрындагы маалыматтарына ылайык, төрт партия “Биримдик” - 24,54%, “Мекеним Кыргызстан” - 23,9%, “Кыргызстан” - 8,74% жана “ Бүтүн Кыргызстан "- 7,09%  жети пайыздык тоскоолдукту жеңип чыгышкан.

Бирок учурда добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат, натыйжада парламенттик шайлоонун жыйынтыгы  өзгөрүлүп жатат. Кол менен саноонун натыйжасында дагы эки партия 7 пайыздык чектен өттү: “Мекенчил” жана “Республика”

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-bir-kancha-zherlerinde-el-chogulup-miting-bolup-zhatat-koshumcha-miliciya-kchtr-tartyluuda



Добавить комментарий