Бишкектеги бир канча соода борборлор убактылуу жабылат
Борбор калаадагы бир канча соода борборлор убактылуу ишин токтотот. Бул тууралуу аталган иш каналарга шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Коронавирус жана пневмония өлкөдө күч алып бара жатканына байланыштуу, кээ бир жайлар өз ишин токтотуп же аралыктан иштөөгө өтүшүүдө.
7-июлдан тарта "Asia Mall" жана "Технопарк" соода борбору, ошондой эле "РИОМ" унаа базары да убактылуу иштебейт. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшырганча, аталган жайлар карантинге жабылды.
Ошондой эле, 7-июлдан 19-июлга чейин "Дордой Плаза" соода борбору ишин токтотту. Бирок, андагы дарыкана, гипермаркет жана банктардын кеңселери кадимки тартите иштешет.
Ссылка: https://barometr.kg/borbor-kalaadagy-bir-kancha-sooda-borborlor-ubaktyluu-zhabylat
Добавить комментарий ×