Борбор Азияда алгачкы болуп ЛГБТ- коомчулук Бишкекте парад өткөрдү
8-март аялдардын күнүнө карата Бишкекте аялдардын укугун коргоо боюнча жүрүш өтүп, ага 400гө жакын адам катышты. Бул тууралуу UNiTE Kyrgyzstan уюму маалымдады.
Иш-чара “Аялдарга карата зобулукту кабарлоо менен токтотобуз” деп аталган өнөктүктүн алкагында болду.
Активисттер аялдар жана кыздар үчүн коопсуз шаарды камсыздоого, жергиликтүү кеңештерде 30 пайыздык гендердик квотаны сактоого, өлкөдөгү гендердин теңдикти жайылта турган мыйзамдарды ишке ашырууну камсыздоого чакырышты.
Бирок социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жүрүшчүлөрдүн арасынан ЛГБТ символу болгон кооз желекти байкап калышты.
“Бүгүн Кыргызстанда тарыхый күн болду. Алгач ирет Борбор Азияда толук кандуу гей-парад өткөрүлдү. Анда жергиликтүү гей коомчулуктун желегин, анын эл аралык желегин алып басышты. Эми биздин өлкө эч качан мурдагыдай болбойт. Жаңы дүйнөгө кош келиңиздер”,-деп жазды активист Владимир Цай.
«Кырк чоро» кыймылынын өкүлдөрү бүгүнкү жүрүштү үзгүлтүккө учуратабыз дегенден улам марш милициянын катуу кайтаруусунда өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/borbor-aziyada-algachky-bolup-lgbt-koomchuluk-bishkekte-parad-tkrd
Добавить комментарий ×