Борбор Азия жана Кавказда Ахтам Самаркандский “мыйзамдагы ууру” шайланды. Камчы Көлбаев да добуш берди
Стамбулдагы Фатих районунда 12-апрелде Ахтам Самаркандский деген каймана аты бар Ахтам Якубовду кылмыш дүйнөсүнүн “жогорку даражалуу” өкүлдөрү “мыйзамдагы ууру” катары шайлашты. Жолугушуу жабык өттү. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Ахтам Самаркандский Өзбекстанда туулган, ага Бахти Ташкентский деген ысым менен белгилүү болгон Бахтиер Кудратиллаевден кийин 22 жыл өткөндөн соң алгачкы ирет “мыйзамдагы ууру” наамы берилди. Ошону менен Өзбекстанда эки “мыйзамдагы ууру” өз бийлигин жүргүзүшөт.
Жолугушуу тууралуу маалымат билген эки көз карандысыз булактар - кримтөбөл жана кылмыш дүйнөсүнө катышы бар россиялык ишкер, жолугушуунун катышуучулары Самарканддын өкүлүн “мыйзамдагы ууру” катары бир ооздон колдошконун маалымдашты.
42 жаштагы Ахтам Якубов Бириккен Араб Эмираттарында 17 жылга жакын түрмөдө отурган.
Стамбулдагы жолугушуудан кабары бар маектештин айтымында, шайлоого кылмыш дүйнөсүнүн мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүнүн 15 лидери катышып жана башка ондогон адамдар уюлдук телефон аркылуу бул жолугушууга күбө болушкан.
"Сходка" Грузиянын Кутаиси шаарындагы “мыйзамдагы ууру” Темури Немсицверидзенин демилгеси менен болсо, жолугушууну 58 жаштагы “мыйзамдагы ууру” Давид Чхиквишвили жетектеген.
Маектештин айтымында, ондогон кримтөбөлдөр интернет аркылуу Стамбулдагы жолугушууга катышкан жана Ахтам Самаркандскийдин талапкерлигин колдошкон.
Мессенджер аркылуу кыргызстандык «Коля Киргиз» деген каймана аты бар Камчы Көлбаев, Азербайджандан Лоту Гули деген ылакап аты бар Надир Салифов талапкерге добуш беришкен.
Учурда Өзбекстанда жалгыз кримтөбөл болгон 47 жаштагы Бахти Ташкентский жыйынга катышкан эмес. Бирок ал Өзбекстанда дагы бир “мыйзамдагы уурунун” болушуна каршы чыкпаганын айткан.
Ахтам Самаркандский 1998-жылы Араб эмиратында аялды жана анын жан сакчысы өлтүрүп өмүр бою эркинен ажыратылган, кийин бул жаза 25 жылга алмаштырылган.
12 жыл бою ар улуттан турган түрмөнү башкарып турган.
Добавить комментарий ×